Боршайком шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын тактады

15 июля 2020

15-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына актуалдуу өзгөртүүлөр киргизилди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, алдын-ала түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө 80 календарлык күн калганда жана шайлоо участокторунда добуш берүүгө 70 календарлык күн калганда жайгаша тургандыгы айтылды.

Ушуга байланыштуу БШК КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги менен, даректүү каттоодогу мамлекеттик маалымат системасындагы маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча биргелешкен иш алып барды. Даректүү каттоону тактоо боюнча жергиликтүү башкаруу органдары чоң көмөк көрсөтүштү.

БШК менен мамлекеттик органдардын биргелешкен аракети, 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү алкагында, бардык жарандарды камтып жана алардын шайлоочу укуктарынын ишке ашырылышына максималдуу шарттарды түзүп жатат.

Өткөн мезгил аралыгында даректүү каттоодо кыймылсыз мүлктөрдү каттоодогу болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр эске алынды. Бул шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга өбөлгө болду.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү