КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 15-июль 2020-ж.
15 июля 2020
Өткөрүү датасы: 15-июль 2020-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5 жана 2020-жылдын 30-январындагы №№14,15,16,17,18,19,20 токтомдору менен бекитилген айрым шайлоо учаткаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
4. Ар түрдүү маселелер
