Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуусу

08-Июл, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуусу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин  3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык:

“Шайлоо жарыяланган учурдан тартып, шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынат:

  • накталай акча каражаттарын төлөөгө;
  • белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды белекке берүүгө; - товарларды артыкчылыктуу сатууну жүзөгө ашырууга;
  • Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык, талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиянын символдору камтылган басылма үгүт материалдарынан, төш белгилеринен, футболкаларынан, баш кийимдеринен, моюн орогучтарынан, талапкердин сүрөтүн көрсөткөн басма сөз материалдарынан башка бардык товарларды акысыз таркатууга;
  • кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда сунуштоого.”

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин            4бөлүгүнө ылайык: “Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, саясий партиянын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз”.

Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, кайрымдуулук ишаракеттери, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүү, анын ичинде ыктыярдуу иш-аракеттер, конституциялык мыйзамда белгиленген шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузушу мүмкүн.

Ага байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларга жогоруда аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузган, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерден алыс болууну сунуштайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жардам берүүгө ниеттенген саясий партияларга, республикалык штаб жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн штаб аркылуу, жардам көрсөтүүгө көңүлүн бурат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>