Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы 19 саясий партиянын ыйгарым укуктуу …

Борбордук шайлоо комиссиясы 19 саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады.

07-Июл, 2020

Борбордук шайлоо комиссиясы 19 саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады.

 

Бүгүн, 7-июлда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында   2020-жылдын 4-октябрына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдиришкен  19 саясий партиянын

шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдүр катталды.

 

 «Бирик» саясий партиясы. Жетекчиси - К.Б.Исамамбетов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Абелденов Мелис Мамырбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Урдавлетов Руслан Саадатович.

 

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы. Жетекчиси - Т.И.Асанбеков. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Чонмурунов Нарынбек Омурбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Урдавлетов Руслан Саадатович.

 

«ОРДО» саясий партиясы. Жетекчиси - М.И.Мияров. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Арыков Тимур Женишбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Муктарбеков Санат Муктарбекович.
 
«Бийлик элге» (Власть народу) саясий партиясы. Партиянын саясий кеңешинин тѳрагасы - К.С.Эрназарова. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Аманжолов Кайрат Аманович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Хасанова Рахима Ушуровна.

«Чон казат» саясий партиясы. Жетекчиси - Т.С.Акимов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Турдалиев Азамат Чинтемирович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Асакеев Рахат Дамирович.

 

 «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы. Жетекчиси – И.А. Масалиев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Базалей Николай Анатольевич, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Cтаростина Лариса Александровна.

Кыргызстан «Эл биримдиги» саясий партиясы. Жетекчиси – З.Эсенаманов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Бегматов Токебай Токтосунович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Шадыканова Какен Майрамбековна.


«Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы» Жетекчиси – А.Д.Таштанбеков. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Увалиева Гульнара Касымбаевна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Будайчиева Назгуль Бекташевна.


«Актив» саясий партиясы. Жетекчиси – К.Б.Иманалиев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Маралов Эмил Турсумаматович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Адылчаев Улан Ибрагимович.


«Кыргызстан жумушчулар партиясы» саясий партиясы. Жетекчиси – З.К.Парманкулов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Нурланбекова Акмарал Нурланбековна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Атабаева Дамира Окунбаевна.


«Республика» саясий партиясы. Жетекчиси – М.К.Жеенчороев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Мидин уулу Канатбек, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Тортаева Асел Алтынбековна.


«Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»  саясий партиясы. Жетекчиси – Б.С.Кумаров.. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Асанбеков Мелисбек Асанбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Самакова Гулжан Жолдошбековна.

 

«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясий партиясы. Жетекчиси – А.Т.Сулайманов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Намазова Бурул Тилековна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – – Арзымбаева Чынара Кыясовна.


«Демократ» саясий партиясы. Жетекчиси – Н.А.Биримкулов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Сейдылдаев Марат Сапарович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Балабина Елена Юрьевна.

 

«Улуу-Журт» саясий партиясы. Жетекчиси – А.Ж.Малабаев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Ашым уулу Самарбек, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Орозбаев Мирлан Кубатбекович.


«Кыргызстан жашылдар партиясы» саясий партиясы. Жетекчиси – Э.К.Булекбаев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Борубаева Гулхан Бираевна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Касмалиева Мухаббат Бейшенбаевна.


«Эмгек партиясы» саясий партиясы. Жетекчиси – Н.М.Молдобаев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Калачаева Надежда Николаевна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү –  Омуралиева Мээрим Замирбековна.

 

 «Социал-демократтар» саясий партиясы. Жетекчиси – Ж.Ишенов. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Касымбеков Нурбек Айтыевич, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Конурбаева Аида Азаматовна.

 

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы. Жетекчиси – А.К.Мадумаров. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Алымкулов Мыктарбек Сатылганович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Полотов Мирлан Шамшиевич.

 

Мурда, 6-июлда, БШК дагы эки - “Ата-Мекен” жана “Мекенчил” саясий партияларынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттаган.

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>