БШК ЖКга шайлоого катыша турган партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
07 июля 2020
Бүгүн, 7-июлда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катыша турган партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери аныкталды. ОАО "РСК Банк" жана ОАО "Айыл Банк" - банктарында атайын эсептер ачылмакчы.
Мурда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоого катышуучу партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгын камсыздоого багытталган бир катар ченемдик актылардын комплекси кабыл алынган. Кабыл алынган жоболор шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыздап жана саясый партиялардын шайлоо фонддоруна салган акча каражаттарынын булагын ачык көрсөтүүсүнүн, шайлоо кампаниясы учурунда саясый партиялардын чыгымдарынын ачык болушунун алдын алат.
Боршайкомдун сайтында шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу маалыматтар жума сайын жарыяланып турат:
-фондго түшкөн каражаттардын булактары боюнча - качан, ким тарабынан партиянын фондуна канча каражат салгандыгы тууралуу;
-чыгымдар боюнча - товарлар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча качан, кимге, канча төлөнгөндүгү тууралуу.
КР БШК маалыматтык бөлүмү
