«Эмгек»  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

07 июля 2020

«Партия труда»  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Эмгек» саясий партиясынын жетекчиси Н.М. Молдобаев  кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Калачаева Надежда Николаевнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Омуралиева Мээрим Замирбековнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү