БШК эки партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

06 июля 2020

БШК эки партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

 

 

6-июлда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында эки партиянын шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү катталды.

  1. «Ата-Мекен» саясий партиясы,  тѳрагасы Ө.Ч.Текебаев. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү- Абдикеримов Илязбек Чидербекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү – Кулжанова Динара Кувайбековна.

    2. «Мекенчил» саясий партиясы, жетекчиси К.К.Ташиев.
    Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү -  Рысбаева Асел Алишеровна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Тологонова Аида Бейшеналиевна

6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ бардыгы болуп тѳмѳндѳгү 21 саясий партия кабарлама беришкен:


1. «Ата-Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «ОРДО»
5. «Мекен Ынтымагы»
6. «Бийлик элге»

7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстан коммунисттер партиясы»
9. «Эл биримдиги»
10. «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстан жумушчу партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргызстан агрардык партиясы»
15.  «Бир Бол мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин саясий партиясы»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстан жашылдар партиясы»
19. «Эмгек партиясы»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан».

КР БШК маалымат бѳлүмү