«Бир бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06 июля 2020
«Бир бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы
шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясынын жетекчиси А.Т. Сулайманов кол койгон кабарлама келип түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Намазова Бурул Тилековнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Арзымбаева Чинара Кыясовнаны дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КР БШК маалымат бѳлүмү
