«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

 «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиясы
шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий  партиясынын жетекчиси А.Д.Таштанбеков кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Увалиева Гульнара Касымбаевнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл Будайчиева Назгул Бекташевнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү