«Бийлик элге» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

«Бийлик элге» саясий партиясы
шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Бийлик элге» саясий партиясынын саясий кеңешинин тѳрагасы К.С. Эрназарова кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Аманжолов Кайрат Амановичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл  катары Хасанова Рахима Ушуровнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү