Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Америка Кошмо …

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым менен жолугушууну өткөрдү

13-Апр, 2012

2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуунун кадамдары талкууланды. Атап айтсак, Памела Л. Спратлен айым КР Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү чөйрөсүндө жүргүзгөн иштери жөнүндө кызыкты.

КР БШК төрагасы Т. Абдраимов Памела Л. Спратлен айымга кызматтык сапарына ыраазычылыгын айтты жана чыныдыгында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары өркүндөтүүгө муктаж экендигин билдирди. КР БШК башчысы Т. Абдраимов 2012-жылдын күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жалпы республикалык шайлоого чейин жойо турган шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтерге кыскача токтолду. Төраганын пикири боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын олуттуу кемчилиги Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастаган паспортунун ордуна шайлоочу көрсөткөн документ менен добуш бергенге жол ачкан ченем. Ушуга байланыштуу, КР БШК төрагасы КР БШКсы жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга өзгөртүүнү демилгелеген бир ченем шайлоочу паспортту көрсөткөндө гана добуш берүүсү, анткени ушул документте гана шайлоочунун жашаган жери (катталган жери) көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым КР БШК төрагасы Т. Абдраимовго кабылдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Борбордук шайлоо комиссиясынын демократиялык принциптерди орнотуудагы ролун белгиледи. Ошондой эле Памела Л. Спратлен айым КР БШК төрагасына 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоочуларды чакыргандыгына ыраазычылыгын билдирди жана эл аралык байкоочулардын катышы шайлоонун таза жана адилет болушунда маанилүүлүгүн белгиледи.

Спратлен айым, президенттик шайлоого көзөмөлдүктү жүргүзгөн көптөгөн эл аралык уюмдар шайлоону даярдоо жана өткөрүү демократиялык шайлоону өткөрүүнүн эл аралык стандарттарынын тийиштүү талаптарына жооп бергендигин таанышкандарын айтты. Ошол эле убакта ал Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер улана беришин каалады.

Өз учурунда КР БШК төрагасы Т. Абдраимов КР БШКда шайлоо укуктары чөйрөсүндөгү эксперттерден жумушчу топ түзүлөөрүн, ал болсо шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгаарын билдирди. КР БШК төрагасы шайлоо мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизбөө үстүбүздөгү жылдын октябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө белгилүү укуктук проблемаларды түзүшү мүмкүн экендигин танбады.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>