Башкы Жаңылыктар 2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

24-Июн, 2020

долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

 

                                                                                  Өткөрүү датасы: 26- июнь 2020-ж.

                                                                                  Убактысы: 11:30

                                                                                  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

 

1. Жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнундө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин жана усулдук материалдардын тизмеги, формалары жөнүндө

(баяндамачы – укук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.)

 

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы №94 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
 

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу

(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
 

6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

8. “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери  жана үгүт жүргүзүү  эрежелери боюнча  Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу.

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

12. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылы 11-сентябрда №437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөөнү уюштуруу жана тартиби жөнүндө

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)

 

14. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн анын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.).

 

15. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.)

 

16. Ар түрдүү маселелер

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>