Руслан Молдошев “Кыргызстан” партиясынан ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

09 июня 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Молдошев Руслан Алдашевичти “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө токтом кылды.

Чечим депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Р. Молдошевден келип түшкөн жеке арыздын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” №64 чечиминин талапкер Молдошев Руслан Алдашевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.