Башкы Жаңылыктар Шайлоо процессине маалыматтык технологияны киргизүү боюнча кыргызстандыктардын тажрыйбасы …

Шайлоо процессине маалыматтык технологияны киргизүү боюнча кыргызстандыктардын тажрыйбасы Украинада кызыгууну жаратууда

27-Май, 2020

КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери украиналык кесиптештерине шайлоо процессине маалыматтык технологияны киргизүү боюнча кыргызстандыктардын тажрыйбасы жѳнүндѳ айтып беришти.

 

2020-жылдын 26-майында алар Украина БШКнын  жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү шайлоо процесстерине  жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйынына онлайн катышуу үчүн чакырылган.

 

Видеоконференция форматында ѳткѳрүлгѳн иш-чарага Украина БШКнын ѳкүлдѳрү, Украинанын эл депутаттары, ошондой эле IFES, UNDP эл аралык уюмдарынын, шайлоо укугу жана санариптик технологиялар маселелери боюнча Европа Бирлигинин ѳкүлдѳрү катышты.

 

КР БШК маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын  кызматкерлери шайлоо процессине маалыматтык технолгияларды киргизүү тажырыйбасы, пайдаланылып жаткан системанын коопсуздугу жана шайлоочулардын тизмеси, добуштарды саноо ж.б. боюнча электрондук башкаруу системасынын ишин нормативдик жѳнгѳ салуу тууралуу айтып беришти.
 

Автоматтык эсептѳѳчү урналардан жана биометрикалык параметрлер боюнча шайлоочуларды идентификациялоо жабдуусунан турган шайлоо жабдууларынын комплекттери кѳрсѳтүлүп, андан ары добуш берген күнү техниканын иштѳѳсү жана добуш берүүнүн натыйжаларынын чагылдырган системанын иштеши кѳрсѳтүлдү.
 

Жабдууларды кѳрсѳтүү учурунда видеоконференцияга катышып жаткандардан киргизилген системаны пайдалануу, мүмкүн болуучу тобокелчиликтер жана шайлоонун жыйынтыгын эсептѳѳдѳ жарандык кѳзѳмѳлдүн ѳбѳлгѳлѳрү, реформалоонун этаптары жана шайлоо процессине технолгоияларды киргизүү  тууралуу суроолор түшүп турду.


КР БШК маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын катышуусу, добуш берүүнү эсептѳѳ жана анын жыйынтыгын чыгарууда анык, ачык-айкындыкка жетишүүдѳ  технологиялардын оң таасир этип жаткандыгы, бул атаандыштык  шайлоолор үчүн мыкты негиз болуп саналары  жѳнүндѳ кеңири маалыматтар берилди.






 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>