Башкы Жаңылыктар Айрым жергиликтүү кеңештерде депутаттардын бошогон ордун талапкерлердин тизмесиндеги …

Айрым жергиликтүү кеңештерде депутаттардын бошогон ордун талапкерлердин тизмесиндеги кийинкилер ээлешти

13-Май, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 13-майдагы жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депуттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгаруу жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерге  берүү жѳнүндѳ бир катар АШКнын чечимдерин бекитти.

Жергиликтүү кеңештердин 11 депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ Талас, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Нарын, Ат-Башы, Тоң, Аксы, Ала-Бука жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Жергиликтүү кеңештердин дептуттарынын бошогон мандаттары шайланган депуттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине катталган кийинки талапкерлерге берилди.

Алсак, Талас районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги талапкер Сулайманов Чынгыз Абаирович каза болгондугуна байланыштуу талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Талас районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Эсенкул уулу Памирдиндин мандаты Карабаев Бакытбек Сагынбековичке берилди.

Талас районунудагы Өмүралиев айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Байсалов Эрназар Мырзабековичтин мандаты Доолоталиев Жоорутбек Добутовичке берилди.

Кара-Кулжа районунудагы Кеңеш айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Нуруев Токтомамат Шакировичтин мандаты Турдуев Абдыбек Сакуновичке берилди.

Нарын шаарынын шаардык  кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жолдошбеков Максат Жолдубаевичтин  мандаты тизмеде кийинки турган  Рысбеков Кудайберген Токталиевичке берилди.

Нарын районунудагы Достук  айылдык кеңешинде сессияларда 4 жолкудан ашык жок болгондугуна байланыштуу  ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Турсунбеков Алмазбек Турсунбековичтин мандаты Бокожоев Жапаркул Абакировичке берилди.

Ат-Башы  районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Самтыров Максатбек  Эсенгелдиевичтин мандаты Деркенбаев Кубанычбек Аскарбековичке берилди.

Тоң  районунудагы Улакхол айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Керимкожоев Нурдин  Кусеиновичтин  мандаты Жамакулов Эрик Жумагуловичке берилди.

Аксы  районунудагы Ш. Назаралиев  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Эркинов Таланбек Эркиновичатин мандаты Шайымкулов Абдылдабек Маматкуловичке берилди.

Ала-Бука  районунудагы Ак-Там  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Абдыраимов Азизбек Эргешалиевичтин мандаты Биймирзаев Муратбек Кочкорбаевичке берилди.

Ала-Бука  районунудагы Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Стамкулов Шафкат Кутмановичтин мандаты Кутманов Эмилбек Абдыкайымовичке берилди.

Кемин  районунудагы Ак-Түз  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Изабаев Кумар Даировичтин мандаты Суранчиев Калдыбек Мурзахановичке берилди.

Жумгал районундагы Түгѳл-Сай айылдык кеңешине Жунушов Самат Замирович депутат  деп таанылды.

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайланган дептуттарды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү жана тѳш белгилерди тапршыруу  тотому кабыл алында.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>