Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду

13 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Эргешов Алмазбек Манасбековичтин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептуттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бѳлүгүнѳ ылайык депутат А. Эргешовдун келип түшкѳн жеке арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешовдун күбѳлүгү анык эмес деп таанылды.