Башкы Жаңылыктар Германия менен БУУӨП Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин …

Германия менен БУУӨП Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча күч-аракеттерди колдойт

12-Май, 2020

2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасында 2020-2021-жылдарда демократиялык шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүү боюнча долбоордун алкагында иш-чараларга кѳмѳктѳшүү жана колдоо үчүн Германия Өкмѳтү тарабынан 500.000 евро бѳлүп берүү жѳнүндѳ ПРООН (ББУӨП) менен Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин ортосунда макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекованын катышуусунда Кыргыз Республикасындагы ПРООН (ББУӨП) туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен кол коюшту.

Бул финансылык каражат ПРООН (ББУӨП) ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында  берилген. Германиянын жардамы жакында эле Кыргыз Республикасында демократияны жана праламентаризмди ѳнүктүрүү максатында ПРООН (ББУӨП) менен  Япониянын жана Швейцариянын ѳкмѳттѳрү  кол койгон макулдашууга толуктоо болуп саналат.

КР БШК тѳрагасы шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча, анын ичинде инклюзивдүүлүктү жогорулатуу, партиялардын жана талапкерлердин  шайлоо фонддорунун каржылык  ачык-айкындыгы, шайлоодогу талаш-тартыштарды кароону жакшыртуу аркылуу эркин шайлоо механизмин жакшыртуу  боюнча маанилүү иш-чараларды колдогондугу үчүн Германиянын Өкмѳтүнѳ ыраазычылык билдирди.

Ал колдоо үчүн германиялык тарап тандап алган багыттар Кыргыз Республикасынын туруктуу ѳнүгүүсү боюнча Улуттук кеңеш жактырган, 2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ КР мыйзамдарын ѳркүндѳтүү Стратегиясында каралган чаралар болуп саналарын жана негизинде Стратегиянын башкы максаттарына жетүүгѳ  мүмкүнчүлүк түзѳрүн белгиледи. Ал ошондой эле 2014-жылдан бери ѳнѳктѳштѳр менен кызматташтыкта Кыргызстанда шайлоо системасынын кардиналдуу реформалоонун башталышын биринчилерден болуп  колдогон ПРООНдун ролун баса белгиледи.

Салтанаттын жүрүршүндѳ ФРГнын элчиси М.Иверсен Кыргызстандагы шайлоо процессин андан ары колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Германиялык тараптын баасы боюнча реформанын биринчи этабы мурда ѳткѳрүлгѳн шайлоо циклдеринин жүрүшүндѳ ѳзүнүн натыйжалуулугун кѳрсѳтѳ алды:

«Германиянын Өкмѳтү андан ары демократиялык ѳнүгүүгѳ жана шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүүгоѳ багыттлаган Кыргыз Республикасынын умтулуусун жогору баалайт. Бардык жарандардын, анын ичинде мигранттардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындыгы жана шайлоо мыйзамдарын сактоо демократиялык шайлоо процессинин толук кандуулугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти болуп саналат».

Ал эми ПРООН тарабынан Л.Чемберлен айым: «Мен шайлоо нормаларын ѳркүндѳтүүдѳгү, ѳзгѳчѳ COVID-19 пандемияга байланыштуу чектѳѳлѳргѳ карабастан шайлоо процесстерин  активдүү ыкчам пландаштыруудагы жана ѳз учурунда даярдык кѳрүүдѳгү кыргыз тараптын ишин   белгилегим келет. Биз Кыргызстандын шайлоо системасына карата мына ушундай ишеним мамилеси үчүн Германиянын  Өкмѳтүнѳ  ѳтѳ ыраазыбыз. ПРООНго ѳзүңүздѳрдүн ѳнѳктѳш катары ишеним кѳрсѳткѳндѳрүңүз биз үчүн чоң сыймык, ошондуктан Кыргызстанда эркин, акыйкат, тынчтык жол менен, атаандаштыктагы жана инклюзивдүү шайлоолорду колдоодо күч-аракеттерди топтоштуруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүүдѳбүз», - деп белгиледи.


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>