Ибраев Саматбек Кулукеевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды
09 апреля 2020
2017-жылдын 5-июнундагы № 96 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респруликасынын конституциялык Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конститциялык Мыйзамынын 2-беренесинин биринчи абзацына ылайык 2020-жылдын 1-январында тѳмѳндѳгүлѳрдү караган норма күчүнѳ кирген:
«Депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда анын манданты:
1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен;
2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен» катталган кийинки талапкерге берилет».
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 89 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эркек жыныстагы депутатынын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» » саясий партиясынан эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Ибраева Саматбека Кулукеевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
