Башкы Жаңылыктар Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты …

Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды

09-Апр, 2020

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ (Талапкерлердин статусу) ылайык «Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.».

Мындай норма Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзмынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгү менен (Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бошогон мандатын ээлөө) такталат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳнүн тартибин карайт жана:

1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен;

2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен» кийинки катталган талапкер ким болуп саналарын белгилейт.

2020-жылдын 2-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына конституциялык мыйзамга ѳзгѳртүүнүн, анын ичинде 65-беренесинин 4-1-бѳлүгүнѳ түзѳтүүнү кабыл алуу боюнча демилгечилер тобуна кирген КР ЖК депутаттарынан кат келип түшкѳн.

Катта демилгечилер кѳрсѳтүлгѳн норма 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан тартып колдонууну карай тургандыгын белгилеген жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу аны колдонууга киргизгенге чейин жаралган мамилелерге жайылтылбай» тургандыгы кѳрсѳтүлгѳн. Ушуга байланыштуу демилгечилер бошогон мандатты ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берүүнү зарыл деп эсептешет.

Ошол эле учурда «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде «Ченемдик укуктук актылар күчүнѳ кирген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат» деп белгиленген.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «эгерде мыйзамдын ѳзүндѳ же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жѳнүндѳ мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

         Мыйзам чыгаруучу 2017-жылдын 5-июнунда кабыл алынган аталган норманын күчүнѳ кирүү мѳѳнѳтүн так белгилеген, ал жерде депутаттын бошогон мандатын ээлѳѳгѳ байланышкан дал мына ушул мамилелерге тийиштүү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кире тургандыгы каралган.

Мыйзам чыгаруучу тарабынан 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы жаңыдан шайланган депутаттардан тартып ушул норманы колдонуу жѳнүндѳ тактоочу норма киргизилген эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бѳлүгүн, 4-1-бѳлүгүнүн 1-пунктун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан аял жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин тизмесинде кийинки турган  Бешимбаева Айгерим Кабылбековнаны  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу  жѳнүндѳ чечим кабыл алды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>