Кашкар-Кыштак, Тѳлѳйкѳн, Семиз-Бел айыл кеңештеринин жана Нарын шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
24 марта 2020
Кашкар-Кыштак, Тѳлѳйкен, Семиз-Бел айыл кеңештеринин жана Нарын шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.
Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу жана бошогон депутаттык мандаттарды шайланган дептутатыкка талапкерге жана саясий партиянын талапкерлеринин катталган тизмесинен кийинки талапкерге берүү тууралуу чечимдер бекитилди.
Чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамынын 52-беренсине ылайык кабыл алынган.
Ош облусунун Кар-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл кеңешинде берген арызынын негизинде Аматов Эркебай Айдарбекович ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту; Тѳлѳйкѳн айыл кеңешинде берген арыздарынын негизинде Халматов Алишер Нурмахаматович, Бозарбоев Отабек Одилжонович, Кадыров Канатбек Сапарбаевич ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотушту.
Нарын облусундагы Нарын шаардык кеңешинде берген арыздарынын негизинде Жумакадырова Назира Мамытовна (№3), («КСДП» деп.фракциясы), Аскарбеков Айбек Аскарбекович (№11) («КСДП» деп.фракциясы) ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотушту; Кочкор райоунундагы Семиз-Бел айыл кеңешинде берген арызынын негизинде Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту.
