2020–ж. 23-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
22 марта 2020
Өткөрүү датасы: 23 - март 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал- Абад, Нарын, Ысык –Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш чараларды убактылуу токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчыларын шайлоону убактылуу токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы № 3181 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ар түрдүү маселелер
Төрага
