Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү

11 марта 2020

2020-жылдын 11-мартында  Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Нурматов Бакыт Сарымбекович шайланды. Ал жергликтүү кеңештин депутаттары  тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  жалгыз талапкер болгон.

Бардыгы болуп Кең-Арал айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Баары катышты, алар  I турда бир добуштан «макул»  деп добуш беришкен.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү