Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

06 марта 2020

    2020-жылдын 6-мартында  Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

  Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Рыскулов Токтосун Темирбекович шайланды. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жалгыз талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн.

   Бардыгы болуп Михайловка айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Катышкандар – 9. Баары I турда бир добуштан «макул»  деп добуш беришкен.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү