Башкы Жаңылыктар БШКнын өкүлдөрү Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий намояндагон Мажлисинин …

БШКнын өкүлдөрү Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий  намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.

01-Мар, 2020

БШКнын өкүлдөрү Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий  намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.

         Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү КМШнын  жана ШКУнун миссияларынын курамында Тажикистан Республикасынын  Президентинин 2020-жылдын 1-мартындага Жарлыгы менен дайындалган Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.

         Кыргызстандан ошондой эле эл аралык байкоочулар катары Жогорку Кеңештин депутаттары, ТИМдин жана Кыргызстандын Тажикистандагы элчилигинин кызматкерлери да катышууда.

         Кыргызстандан барган байкоочулар шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жасоонун алкагында үстүбүздөгү жылдын 29-февралында Тажикистандын БШКсынын төрагасы менен жолугушуп, Тажикистан Республикасынын округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) иштери менен таанышты.

         2020-жылдын 1-мартында Кыргызстандын өкүлдөрү Тажикистандын ар кандай шаарларында добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышты, атап айтканда шайлоо участкаларынын ачылышына, шайлоочуларды жана жергиликтүү байкоочууларды каттоого, бюллетендерди берүүгө, добуш берүү жол-жоболоруна катышуу менен шайлоо участкаларында добуш берүүлөрдү эсептөөгө жана участкаларды жабуу жол-жоболоруна байкоо жүргүзүштү. Кыргызстандын өкүлдөрү болгон участкаларда добуш берүүлөр тынч кырдаалда өттү.

         2020-жылдын 2-мартында КМШнын байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу басма сөз-конференциясы өтүп, ага КР БШКсынын төрагасынын орун басары А. Эшимов катышты.

         Сурап-билүү иретинде: шайлоого даярдануу жана өткөрүү иштерин Тажикистан БШКсы, 41 округдук жана 3450 УШКлар, анын ичинде Тажикистан Республикасынын чегинен тышкары  уюштурулган 39 УШКлар жүзөгө ашырышты.

         «Тажикистан Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборук шайлоо комиссиясы жөнүндө» Мыйзамга ылайык Тажикистандын БШКсынын мүчөлөрү Тажикистан Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Мажлиси Олий намояндагон Мажлисине 7 жылдык мөөнөт менен курамы 7 адамдан турган тартипте шайланат.

         Кандай бир саясий партияда турган жарандар Тажикистан БШКсынын мүчөлөрү болуп шайлана алышпайт. БШКнын иштеп жаткан курамы 2019-жылдын 25-октябрында түзүлгөн.

         Тажикистандын мыйзамдарына ылайык Мажлиси намояндагондун 63 депутатынын ичинен 41 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча, ал эми 22 депутат -  саясий партиялардын тизмелери боюнча бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча  шайланат.

         Бир мандаттуу шайлоо округдарында депутаттыкка 176 талапкер катталган, алардын ичинен 98 талапкер – өзүн-өзү көрсөткөн.

          Тажикистандын БШКсы саясий партиялар берген документтерди карап, бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча төмөндөгүдөй 7 партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин каттаган:

         1. Тажикистандын Элдик-демократиялык партиясынан- 26 талапкер;

         2. Тажикистандын Агрардык партиясынан – 13 талапкер;

         3. Тажикистандын Экономикалык реформалар партиясынан – 7 талапкер;

         4. Тажикистандын Социал-демократиялык партиясынан – 5 талапкер;

         5. Тажикистандын Коммунистик партиясынан – 5 талапкер;

         6. Тажикистандын Социалистик партиясынан – 5 талапкер;

         7. Тажикистандын Демократиялык партиясынан – 4 талапкер.

         Ошентип, бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча 22 депутаттык орунга 64 талапкер ат салышууда.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>