БШК жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын укук коргоо органдары менен шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттешүүнү талкуулады

27 февраля 2020

Борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын укук коргоо органдары менен шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыздоо жана бузууларга каршы  аракеттенүү боюнча тренинг-кеңешме өткөрдү.

Катышуучулар шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо маселелерин, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрүн талкуулады. Маселен, шайлоо мыйзамдарында бузуулар үчүн эскертүү, каттоону жокко чыгаруу түрүндө конституциялык-укуктук жоопкерчилик каралган. Бузуулар жөнүндө кодексте талапкерлер, ЖМК тарабынан үгүт эрежелерин айрым бузуулар, үгүт материалдарын зыянга учураткандык, жасалма материалдарды тараткандык үчүн штраф, түзөтүү жумуштары,  белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу түрүндө жоопкерчилик каралган. Андай бузуулар шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.

Жоруктар жөнүндө кодексте жана Жазык кодексинде добуштарды сатып алуу, жарандардын укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу,  шайлоо документтерин бурмалоо жана шайлоо мыйзамдарын башка бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул кодекстердин алкагындагы иштер ички иштер органдары тарабынан каралат.

БШК добуштарды сатып алууга натыйжалуу каршы аракеттенүүгө багытталып, депутаттардын демилгеси менен кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берди. Маселен, добуштарды сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигине тартылуучу субъектилердин чөйрөсү кеңейтилди. Андан тышкары, добушун акча каражаттарына алмашкан жарандардын жоопкерчилиги сунушталууда. Администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык үчүн дагы санкциялар киргизилүүдө.

Тренинг-кеңешменин жүрүшүндө шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча биргелешкен чаралары талкууланды. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун алкагында өз ара аракеттешүү схемасы каралды. Комиссиялар менен укук коргоо органдарынын, ошондой эле прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган мындай топтор шайлоо комиссияларынын борбордук жана аймактык деңгээлдеринде түзүлүүгө тийиш. Топтордун милдети – өз ара аракеттешүү менен бузуулар боюнча ыкчам чараларды көрүү жана ал тууралуу коомчулукка маалымат берип туруу.

ИИМ менен Башкы прокуратуранын катышып олтурган өкүлдөрү тарабынан мүмкүн болуучу практикалык жайгдайлар каралып, укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми, ошондой эле алардын өз ара аракеттешүүсү иштелип чыкты.

Ошондой эле шайлоо процессинин төмөнкү маанилүү өңүттөрү талкууланды: шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде,  үгүт иши процессинде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнү түздөн-түз шайлоо участокторунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо.

Шайлоо алдындагы мезгилде шаарларда жапырт каттоого байланыштуу жагдай жана зарыл чаралар козголду. Жарандарды каттоо процессин автоматташтыруу деңгээли күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча натыйжалуу териштирүү жүргүзүү жана чара көрүү үчүн толук маалымат берери белгиленди.

30 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү