КР БШК Ысык-Көл облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти

21 февраля 2020

2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын бирдиктүү шайлоо округдарынын, ошондой эле Ысык-Көл районунун Кумбел, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.

Бардыгы 6 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын бирдиктүү 2 округ, Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв)  2 округ бекитилди.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү