Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

18 февраля 2020

Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Айтанова Арзыгул Абдимиталиповнанын, Камалов Тавакал Шарифджановичтин, Узакбеков Бектур Узакбековичтин, Болотбеков Чолпонбек Матыбековичтин комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине  өзгөртүүлөр киргизилди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айтанова Арзыгул Абдимиталиповна, Камалов Тавакал Шарифджанович комиссиянын курамынан чыгарылды;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шаймарданова Гузаль Шаймуратовна, Арзыбаев Маматали резервден комиссиянын курамына киргизилди.

Кызыл-Кыя АШК курамы (12 мүчө):

- 3өө саясий партиялардан (“Калыс”, “Замандаш”, “Кыргызстан”) өкүлдөр;

- 9у жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр.

Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл турат.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Узакбеков Бектур Узакбекович комиссиянын курамынан чыгарылды;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жарбашов Алтынбек Турдубекович резервден комиссиянын курамына киргизилди.

Тогуз-Торо АШК курамы (12 мүчө):

- 3өө саясий партиялардан (“Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”) өкүлдөр;

- 9у жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр.

Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 14 өкүл турат.

 

Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди:

- “Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Болотбеков Чолпонбек Матыбекович комиссиянын курамынан чыгарылды;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанбекова Бурулбүбү Сулаймановна резервден комиссиянын курамына киргизилди;

Кочкор АШК курамы (12 мүчө):

- 5өө саясий партиялардан ( “Нур”, “Замандаш” “Ата Мекен”, “Акшумкар”, “Мекен ынтымагы”) өкүлдөр;

- 7өө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр.

Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 9 өкүл турат.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм