Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка жана Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
18 февраля 2020
2020-жылдын 18-февралында Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка жана Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
21 добуш алган Зикиров Махмаямин Камчыбекович Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө баары катышты.
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.
11 добуш алган Садыков Расулбек Төрөкелдиевич Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Военно-Антоновка айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө 20 депутат катышты.
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган.
13 добуш алган Медетов Калыс Самудинович Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кегети айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө баары катышты.
Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
