Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредиттөө үчүн …

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредиттөө үчүн БШК документтерди кабыл алууда

16-Фев, 2020

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссияда аккредиттөөдөн өтүүгө тийиш.

Бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар обо убактысын жана басма аянтын берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмдөрү ж.б. шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоосу керек жана 2020-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- укуктук жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (интернет-басылмалар үчүн);

- жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

- обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газета санынын көчүрмөсү.

Өз өкүлдөрүнүн тизмеси жана документтер менен электрондук варианттагы арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын document@shailoo.gov.kg электрондук почтасына жөнөтүү зарыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө чечимди БШК аккредиттөө үчүн зарыл болгон документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

БШКда аккредиттөөдөн өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары расмий маалыматты жана маалыматтык (жаңылык) билдирүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерисиз чагылдыруу жолу менен гана шайлоону маалыматтык жактан камсыздоого катышууга укуктуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын аккредиттөө эрежелери менен шилтеме боюнча же 0312 62 01 84 тел. боюнча таанышууга болот.

Маалымат үчүн:

Республиканын 30 жергиликтүү кеңешин кезектеги шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнү башталганына чейин 24 саат калганда токтотулат: шаарларда – 13-марттан 10-апрелди кошо алганга чейин, айылдарда – 23-марттан 10-апрелди кошо алганга чейин.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>