Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
07 февраля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №7 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 7-февралда болуп өттү. Бир талапкер Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди тапшырып, каттоодон өттү. Өзгөрүш айылдык кеңешинин 11 депутатынын ичинен 10у катышып, шайлоонун жыйынтыктары боюнча баары “макул” деп добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Толошов Данияр Шабданович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайланды.
Толошов Д.Ш. 1972-жылы 2-августта туулган, 2012-жылдан тартып Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты болгон.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
