КАЙРЫЛУУ. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

05 февраля 2020

КАЙРЫЛУУ

         Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

 

Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын көп өтүнүчтөрүнө байланыштуу жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан Ош жана Токмок шаарларынын  участоктук шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 7-февралынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга өткөрөт.

Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор  2020-жылдын 7-февралынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн өкүлү тарабынан тиешелүү АШКга тапшырылат.

Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин алардын документтери шаардык кеңештин сессиясында (жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан) 2020-жылы 8-февралда каралат, участоктук шайлоо комиссияларынын резерви  2020-жылы 9-февралда бекитилет, шайлоо комиссияларынын биринчи жыйналыштары 2020-жылы 10-февралда өткөрүлөт.

 

Маалымат алуу телефону: (0312) 66 01 16