КАЙРЫЛУУ Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

31 января 2020

Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын көп өтүнүчтөрүнө байланыштуу жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 3-февралынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет.

Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 3-февралынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн өкүлү тарабынан тиешелүү АШКга тапшырылат.

Талапкерлерди көрсотүү мөөнотү аяктагандан кийин алардын документтерин кароо 2020-жылдын 4-5-февралында, участоктук шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын бекитүү 2020-жылдын 6-7-февралында жүргүзүлөт.

Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү