КР БШК жергиликтүү кеңештердин он үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

30 января 2020

2020-жылы 30-январда КР БШК Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусу:

  1. Калдарбеков Элдияр Султанович (Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кыдырова Нурдина Курманбековнага өткөрүп берилди.
  2. Абаев Айбек Сураналиевич (Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сталбек уулу Болотбекке өткөрүп берилди.
  3. Дударев Александр Васильевич (Сокулук районунун З.Кайназарова айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мусаев Эркин Каримовичке өткөрүп берилди.
  4. Рысбек уулу Алмаз (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4, Шопоков шаардык кеңеши). Мандат Сокулук АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Иманкулов Талгат Маматбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусу:

  1. Нурматов Чынгыз Айтматович (“КСДП” фракциясы, №2, Кадамжай шаардык кеңеши). Мандат Кадамжай АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Туйбаев Сайдулла Камчиевичке өткөрүп берилди.
  2. Вайдуллаев Сайидахмад Мамуталиевич (Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Умаралиев Илхомжон Кобилжоновичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

  1. Атагараев Узакжан Мамадильдеевич (“КСДП” фракциясы, №2, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Мадиев Артыкбек Чилпаковичке өткөрүп берилди.
  2. Кулжигачева Махабат Женишовна (“Кыргызстан” фракциясы, №3, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №6 талапкер Шамшиева Космира Кубанычбековнага өткөрүп берилди.
  3. Сапаралиев Азамат Сагынбекович (“Таш-Көмүр жаштары” фракциясы, №5, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Сооронбаев Кайрат Манасбековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусу:

  1.  Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич (“Республика –Ата-Журт” фракциясы, №4, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Абиков Нурмат Иманкуловичке өткөрүп берилди.
  2. Жумабеков Уланбек Кадыралиевич (Кочкор районунун Сары-Булак айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Козубеков Жолдошбек Советбековичке өткөрүп берилди.

Ош облусу:

  1.  Ырысбай уулу Таласбек (Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кадыров Канатбек Сапарбаевичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

  1. Горборуков Леонид Филлипович (Түп районунун Михайловка айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сартпаев Урдин Сулкарыновичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:

Талапкер Асыкбаев Шаршен Орозбекович (Түп районунун Михайловка айылдык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү