Чүй облусунун Чүй районунун Кегети, Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

30 января 2020

КР БШКнын 2020-жылдын 30-январындагы токтому менен Чүй облусунун Чүй районунун Кегети, Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 18-февралына дайындалды.

Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 23-январындагы №3-т буйругу менен Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы Джунушалиев Руслан Алмасбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 13-январындагы №15-Б буйругу менен Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Бокомбаев Нурсуланбек Мамыркожоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 20-январындагы №18-Б буйругу менен Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү