Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30 января 2020
2020-жылы 30-январда КР БШКнын мүчөлөрү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 17-январда болуп өттү.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
