КР БШК мүчөлөрү Индия Республикасынын Шайлоочуларынын улуттук күнүнө катышты

30 января 2020

2020-жылдын 23-25-январында Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Индиянын Шайлоочуларынын улуттук күнүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Бул күн жаш шайлоочулардын жарандык жигердүүлүгүн арттыруу жана аларды саясый процесске катышууга тартуу үчүн Индиянын өкмөтү тарабынан 2011-жылы уюшулган.

Аталган иш-чараларга Индиянын Шайлоо комиссиясынын төрагасы С. Арора мырзанын чакыруусу боюнча КР БШК мүчөлөрү Г.К. Джурабаева менен Б.С. Кадыров катышты. Иш сапардын жүрүшүндө КР БШК мүчөлөрүнүн  жана КРдин Индиядагы АЫУЭ А.К. Исаевдин  Индиянын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сунил Арора менен эки тараптуу жолугушуусу өтүп, эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Майрамдык иш-чаралардын программасына ылайык “Институциялык дараметти чыңдоо” деген темада эл аралык конференция болуп өттү. Анын алкагында КР БШК мүчөсү Б.С. Кадыров модератор катары катышты, ал эми КР БШК мүчөсү Г.К. Джурабаева ошол тема боюнча баяндама жасады. Демократиялык институттарды жана шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн чыңдоого багытталган билимдер менен алдыңкы тажрыйбаны алмашууга умтулуу иш-чаралардын максаты болду.

Аталган иш-чараларга Казакстан Республикасынын, Афганистандын, Маврикийдин, Непалдын, Тунистин, Шри-Ланканын, Мальдивдин, Бутандын, Бангладештин шайлоо органдарынын, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Демократия жана шайлоого көмөктөшүү боюнча  эл аралык институттун (IDEA) өкүлдөрү катышты.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү