Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

29 января 2020

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-январындагы №2 токтомуна ылайык 2020-жылдын 29-январында өткөрүлдү. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына бир талапкер тийиштүү документтерди тапшырып, катталган. Шайлоонун жыйынтыгында Бел айылдык кеңешинин жалпы 21 депутатынын ичинен 16 депутат шайлоого катышып, анын ичинен 15 добуш "макул", 1 добуш "каршы" болгон.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына Дорбаев Максат Кудаваевич шайланды.

Дорбаев М.К. бул убака чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында эмгектенген. 1984-жылдын 27-ноябрында туулган, улуту кыргыз.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү