2020-жылдын 22-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

22 января 2020

Өткөрүү датасы:  22-январь 2020-ж. 
Убактысы: 16:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

2. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №154-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө

(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу” “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө

(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо процессинин шайлоочуларынын жана башка субъектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө

(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

5. “Кыргыз Республикасынын референдумунда шайлоолорду өткөрүдө шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоонун, өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө Жобо тууралу” токтомдун долбоору жөнүндө

 (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

6. Ар түрдүү маселелер.