Учурда 216 участоктук шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү процесси жүрүп жатат
22 января 2020
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык “участоктук шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат”.
2020-жылы февралда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына кол коюлушу күтүлүүдө, ушуга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары 2020-жылдын 8-февралына чейин участоктук шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүүгө тийиш.
Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөттөрүн, документтерди тапшыруу жол-жоболорун тактоо үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына (Ош, Токмок, Майлуу-Суу, Балыкчи, Каракол, Аламүдүн, Ысык-Ата, Аксы, Тогуз-Торо, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Өзгөн, Араван, Лейлек, Жумгал, Ак-Талаа) кайрылуу зарыл.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
