“Добушуңду сатпа” чыгармасынын аткаруучусу Азамат Кененбаевге КР БШК ыраазылык билдирди
21 января 2020
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР БШК төрагасынын орун басары А. Бекматов “Добушуңду сатпа” аталышындагы чыгарманын аткаруучусу Азамат Кененбаевге Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан ыраазычылык кат тапшырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык позициясын билдирип, шайлоочуларды добушун сатпоого чакырып, өз укуктарын туура пайдаланууга үндөгөн Азаматтын бул демилгесин колдоого аларын айткан төрага шайлоочулардын добушу бул таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоонун эн негизги фактору экендигин баса белгиледи. Учурда КР БШК тарабынан да бул көйгөйдү чечүү үчүн шайлоочуларга маалымдоо иштерин күчөтүү, ар бир шайлоочунун добушу маанилүү экендигин шайлоочуларга жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолду. Өз кезегинде Азамат Кененбаев да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, бул сыяктуу колдоо чыгармачылыгына жакшы түрткү берээрин айтты. Ошондой эле мындан ары да өз чыгармалары менен элибизди ынтымакка, биримдикке чакырып, угармандарын укук менен жашоого үндөөрүн кошумчалады. Азамат мырза чыгармачылыктан тышкары Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринде иштейт. “Добушуңду сатпа” ырын иш үстүндө кесиптештерине ырдап бергенин билдирди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аталган чыгармага видеоклип тартуу милдетин өз моюнуна алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
