Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

20 января 2020

КР БШКнын 2020-жылдын 20-январындагы токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 7-февралына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды.

Талас облусунун Бакай-ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №Б-1/VI буйругу менен Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбекова Айгуль «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү