Каламбеков Абдикарим Саалыевич Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

20 января 2020

2020-жылы 8-январда КР БШКнын мүчөлөрү Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Каламбеков Абдикарим Саалыевичти Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 8-январда болуп өттү.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү