КР БШК айрым шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти
20 января 2020
2020-жылдын 20-январында КР БШК Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен берилген сунуштардын негизинде Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти.
Жалпысынан 216 шайлоо участогу бекитилди. Шайлоочулардын саны мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашык болгондугуна байланыштуу Ош шаарында 3, Каракол шаарында 1, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында 1 шайлоо участогу жаңы ачылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
