2020-жылдын 20-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

18 января 2020

Долбоор
Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 20 январы 
Убактысы: 14:00 
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

1. “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобонун долбоору тууралуу

(баяндамачы – А. Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).

2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

3. 2020-жылы 8-январда болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

4. 2019-жылы 31-декабрда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

5. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

7. Ар түрдүү маселелер.