Жаңы түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары шайланды
17 января 2020
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 53 аймактык шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналыштары өтүп, комиссиялардын төрагалары жана катчылары шайланды.
Шайлоо комиссияларынын төрагалыгына жана катчылыгына биринчи жолу 43 адам (40,6%), төрагалардын жана катчылардын мурдагы курамынан 63 адам (59,4%) шайланды. Алардын ичинен биринчи жолу төрага болгону – 17, мурдагы төрагалары – 36, биринчи жолу катчы болгону – 26, мурдагы катчылар – 27.
АШК төрагалары жана катчылары жөнүндө маалымат
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
