Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
17 января 2020
17-январда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
6 добуш алган Көбөнова Гулмира Чүкүковна Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Моюн айыл кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
