Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды
11 января 2020
Бүгүн Бишкек АШК жаңы курамы өзүнүн биринчи отурумун өткөрдү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы анын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат
Добуш берүүнүн жыйынтыгында, бир добуштан кабыл алынган чечим менен Маматов Кайрат Адамкалиевич Бишкек АШК төрагасы болуп шайланды, ошондой эле Бишкек АШК катчысы кызматына Стамов Айбек Кубатовичтин талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Эске салсак, К.Маматов бул кызматты 2012-жылдан 2019-жылга чейин ээлеген.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

