Башкы Жаңылыктар 2020-жылдын 10-январында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын …

2020-жылдын 10-январында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү

10-Янв, 2020

2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялар көрсөткөн аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан каралгандан ашыкча сунушталган саны боюнча чүчүкулак болуп өттү.

Чүчүкулакта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Токмок, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата, Сузак, Ноокат  аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча:

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Биримдик” демократиялык партиясы
  2. “Элдик партия” саясий партиясы
  3. “Замандаш” саясий партиясы
  4. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
  5. “Калыс” саясий партиясы
  6. “Кыргызстан” саясий партиясы

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “НУР” саясий партиясы
  2. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  3. “КУТ” саясий партиясы
  4. “Акшумкар” саясий партиясы
  5. “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы
  6. “Жаңы-Доор” саясий партиясы

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
  2. “Ата Мекен” саясий партиясы
  3. “Замандаш” саясий партиясы
  4. “Бир Бол” саясий партиясы
  5. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  6. “Кыргызстан” саясий партиясы

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:

  1. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Жаш-Билек” саясий партиясы
  2. “Замандаш” саясий партиясы
  3. “Кыргызстан” саясий партиясы
  4. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  5. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
  6. “Өнүгүү Кыргызстан” саясий партиясы

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “КСДП” саясий партиясы
  2. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Акшумкар” саясий партиясы
  2. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
  3. “Табылга” саясий партиясы
  4. “Кыргызстан” саясий партиясы
  5. “НУР” саясий партиясы
  6. “Ата Мекен” саясий партиясы

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “Замандаш” саясий партиясы
  2. “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Замандаш” саясий партиясы
  2. “НУР” саясий партиясы
  3. “Кыргызстан” саясий партиясы
  4. “ЭлАман” саясий партиясы
  5. “АК” саясий партиясы
  6. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:

  1. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Калыс” саясий партиясы
  2. “НУР” саясий партиясы
  3. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  4. “Замандаш” саясий партиясы
  5. “Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
  6. “Элдик партия” саясий партиясы

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “Кыргызстан” саясий партиясы
  2. «Столица» Демократиялык партиясы» саясий партиясы
  3. “Биримдик” демократиялык партиясы

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “КУТ” саясий партиясы
  2. “Кыргызстан” саясий партиясы
  3.  “Замандаш” саясий партиясы
  4. “Акшумкар” саясий партиясы
  5. “Ата Мекен” саясий партиясы
  6. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “Жаңы-Доор” саясий партиясы
  2. “Биримдик” демократиялык партиясы
  3. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  4. “Калыс” саясий партиясы
  5. “НУР” саясий партиясы

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Замандаш” саясий партиясы
  2. “Ата Мекен” саясий партиясы
  3. “Биримдик” демократиялык партиясы
  4. “Калыс” саясий партиясы
  5. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  6. “Кыргызстан” саясий партиясы

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “Элдик партия” саясий партиясы
  2. “Акшумкар” саясий партиясы
  3. “Жаңы-Доор” саясий партиясы
  4. “НУР” саясий партиясы

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Ата Мекен” саясий партиясы
  2. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
  3. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
  4. “Замандаш” саясий партиясы
  5. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  6. “Акшумкар” саясий партиясы

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:

  1. “Кыргызстан” саясий партиясы

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:

  1. “Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
  2. “Биримдик” демократиялык партиясы
  3. “Ата Мекен” саясий партиясы
  4. “Замандаш” саясий партиясы
  5. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
  6. “Элдик партия” саясий партиясы

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:

  1. “КСДП” саясий партиясы
  2. “Бир Бол” саясий партиясы
  3. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
  4. “Кыргызстан” саясий партиясы

Белгилей кетчү нерсе, жумушчу топ чүчүкулактын протоколунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү боюнча саясий партиялардын кезек тартибин КР БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусуна койот.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча протоколдун көчүрмөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>