Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды

31 декабря 2019

“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган. Добуш берүүгө айылдык кеңештин 11 депутатынын бардыгы катышты.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат, ал шайлоодо жаңы талапкерлер көрсөтүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү