Самат Койчумбаев Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
27 декабря 2019
2019-жылы 27-декабрда КР БШК Самат Койчумбаев Искендербековичти Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 17-декабрда болуп өттү.
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
